"Бир тууган Карамазовдор" романынын баш каарманынын монологунда баланы азап тарттыргандарды эч нерсе актабай турганы айтылат эмеспи. Биздин маектеш да ушундай пикирин билдирди.
— Аялдардын түрмөсүндө качан иштегенсиз?
— Ал союздун ураган учуру, 90-жылдардын башы болучу. Абдан кыйын учур эле, ал эми абактардагы абалды айтпай эле коёюн. Балдарды өлтүргөндөр ал жакка түшсө, көп учурда жашоо менен коштошконго барабар болучу.
— Аялдар колониясында мындайлардын тагдыры кандай болчу эле?
Аны ортого алып тепкилешкенин билем. Соттолгон аялдар эки катар болуп тизилип туруп, ошолордун арасынан тигил аял чуркап өтүшү керек болчу. Тилекке каршы, аягына чейин чуркап чыга алган жок. Эсин жоготуп жыгылган.
Кийин аны күн сайын сабашканын мага айтышты. Мындайга чыдай алган жок, жанын кыйды. Тилекке каршы, аябай кыйналып өлдү. Аны куткара албай калдык.
— Мындай учурлардын көбү эсиңизде болсо керек?
— Анын тагдыры кандай болду анан?
— Абактан чыккыча жашады. Жаңылбасам мунапыска туш болсо керек эле. Ошол жыл Аялдар жылы деп жарыяланган. Бирок кийин аны өлтүрүп кетишкенин уктук.
— Ал убакта абакта катаал мыйзамдар өкүм сүрчү деп айтышат. Азырчы?
— Азыркысын так билбейм, бирок анчалык катаал болбой калган деп угам. Акчаң болсо сүйлөшүп алсаң болот экен, мисалы, кол майласа кутулуп деле кетиши ыктымал.