Саяпкер Кулданбаев: унутта калган чаар жылкыбыздын тукумун Америкадан таптык

© Фото / Талант КирешевСаякпкер Мунарбек Кулданбаев
Саякпкер Мунарбек Кулданбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунарбек Кулданбаев унутта калган байыркы тукум чаар жылкылардын клубун түзүп, аны кыргыздын асыл тукум жылкысы катары каттоо аракетинде жүрөт.

Мындай тукумдагы жылкылар башка өлкөлөрдө "Аппалуза" деп аталып барктуу аттардын катарына кирет. Өзгөчө Америкада кеңири жайылган. Кулданбаевдин айтымында, чаар жылкыны көбөйтсөк Кыргызстан туристтик жактан, ошол эле учурда тарыхый жактан да пайда көрөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМунарбек Кулданбаев унутта калган байыркы тукум чаар жылкылардын санын көбөйтүү аракетинде жүрөт
Разводчик пятнистых лошадей породы Аппалуза Мунарбек Кулданбаев - Sputnik Кыргызстан
Мунарбек Кулданбаев унутта калган байыркы тукум чаар жылкылардын санын көбөйтүү аракетинде жүрөт

— Чаар жылкы кыргыздарга таандык экенин кантип билдиңиз?

— Негизи мен бала чагымдан эле жылкы багууга кызыкчумун. 2007-жылы англиялык Конор Вудман атуу режиссер келип "Жибек Жолундагы соода" деген даректүү тасма тартып кеткен. Тасмада жылкы алып сатканбыз. Ошондо базарда турган чаар жылкы кадрга илешип калыптыр. Аны "Аппалуза" жылкысын багуу менен алектенген жаңы зеландиялык аял байкап калып тасманын режиссеруна кат жолдойт. Башында бул жылкы тууралуу билбегендиктен анча көңүл бурган эмеспиз. Ал "мен көргөн "Аппалуза" окшойт, мени анын ээси менен жолуктурчу. Бул жылкылар дүйнөдө жоголуп бара жатат" деп режиссерго кайра-кайра кат жаза берет. Акыры макул болуп аны Кыргызстанга чакырдык.

— Мындай жылкылар чет өлкөдө кеңири жайылганбы?

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон" - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
— Айрым маалыматтар боюнча чаар жылкыларды мурда индейлер минген экен. Алар англиялык баскынчылар келгенде ушул аттарды минип катуу каршылык көрсөтөт. Мындан улам англиялыктар аттарын кырып жок кылууга көп күч жумшаган. Расмий тарыхта "Аппалузаны" Христофор Колумб Американы ачканда Испаниядан кайыкка салып алып барган деп жазылат. Эгер ага ишенсек, Колумб кайыгы менен ашып кетсе 10-20 жылкы алып барышы мүмкүн. Андан жылкы санын мынчалык көбөйтө алышмак эмес. Муну тастыктоо үчүн биз кыргыздын чаар жылкыларынын ДНК анализдерин алып, Америкадагы жана Европадагы "Аппалузалар" менен салыштырып көрдүк. Жыйынтыгында кыргыз жылкылары менен Американыкы окшош чыгып, Европанын жылкылары такыр эле алыс экени аныкталды. Муну менен биз чаар жылкы Америкага Берингов кысыгы аркылуу өткөнүн тастыктадык деп эсептейм.

Белгилей кетсем, Америкада 1936-жылы "Аппалузаны" кайра жандандандыруу максатында расмий түрдө клубу түзүлгөн. Учурда 50-60 мамлекетте өзүнчө клубдары бар. Башкы борбору Американын Айдахо штатындагы Москва деген шаарында жайгашкан.

© Фото / Мунарбек КулданбаевМындай жылкылар дүйнөдө тегине жараша 5 миңден 200 миң долларга чейин сатылат. Ал эми Кыргызстанда катардагы жылкылардын баасында эле
Мындай жылкылар дүйнөдө тегине жараша 5 миңден 200 миң долларга чейин сатылат. Ал эми Кыргызстанда катардагы жылкылардын баасында эле - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мындай жылкылар дүйнөдө тегине жараша 5 миңден 200 миң долларга чейин сатылат. Ал эми Кыргызстанда катардагы жылкылардын баасында эле
© Фото / Мунарбек КулданбаевЧаар жылкы — катаал аба ырайына, алыс жолго чыдамдуу, басыгы ылдам жаныбар
Чаар жылкы — катаал аба ырайына, алыс жолго чыдамдуу, басыгы ылдам жаныбар - Sputnik Кыргызстан
2/3
Чаар жылкы — катаал аба ырайына, алыс жолго чыдамдуу, басыгы ылдам жаныбар
© Фото / Мунарбек КулданбаевКулданбаев баккан чаар жылкылардын саны бир үйүр болуп калды
Кулданбаев баккан чаар жылкылардын саны бир үйүр болуп калды - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кулданбаев баккан чаар жылкылардын саны бир үйүр болуп калды
1/3
Мындай жылкылар дүйнөдө тегине жараша 5 миңден 200 миң долларга чейин сатылат. Ал эми Кыргызстанда катардагы жылкылардын баасында эле
2/3
Чаар жылкы — катаал аба ырайына, алыс жолго чыдамдуу, басыгы ылдам жаныбар
3/3
Кулданбаев баккан чаар жылкылардын саны бир үйүр болуп калды

— ДНК анализдерин кантип алдыңыздар?

— Башында айтып өткөн режиссер Конор Вудман менен жаңы зеландиялык аял 2012-жылы атайын Кыргызстанга келип чаар жылкыларын көрүп кетишкен. Алар жылкылардын жалынан бир нече тал алып баргандан кийин Америкадагы Тампа университетинин профессору ДНК анализдерин аныктап берди.

— Муну кыргыздарга таандык жылкы катары каттап алсак, "Аппалуза" менен талаш жаралбайбы?

Вице-президент Федерации конного спорта Манас Султанов - Sputnik Кыргызстан
Манас Султанов: жылкылар эстен тана баштаганда айласыздан Путинге кайрылгам
— Бул байыркы жылкы. Кытай тарыхында Уди деген хан Фергана өрөөнүндө көчмөн элдин чаар жылкысына кызыгып согуш ачкан деген маалымат бар. "Манас" эпосунда Саякбай Каралаевдин вариантында "Манас 12ге чыкканда тору чаар атты минди" деген жери бар. Манас минген Аккуланын энеси чаар болгон деп айтылат. Учурда Алтай жакта дагы мындай жылкы көп кездешет. Биз болгону өзүнүн атынан атап жатабыз. "Аппалуза" өзүнүн, чаар жылкы өзүнүн жолу менен кете берет. Мындан чочулоонун кажети жок. Мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илим-изилдөө институна асыл тукум жылкы катары каттоо үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Анын талаптарына ылайык, жылкынын саны көбүрөөк болуш керек экен. Учурда ар аймактарга кайрылып чаар жылкыларды издөө менен алекпиз.

— Чаар жылкынын өзгөчөлүгү эмнеде?

— Чаар жылкы — катаал аба ырайына, алыс жолго чыдамдуу, басыгы ылдам жаныбар. Башка жылкыларга караганда жем-чөптү көп талап кылбаган, териси калың, туягы катуу болот. Арыктаса да кайра бат эле эт алып, тоолуу аймактарда тынымсыз жети сааттык жолду басып өтө алат. Дагы бир жакшы жери бээлери сүттүү, аябай жоош келет. Ошондуктан да көчмөн эли мындай чыдамкай аттарга муктаж болгон.

© Фото / Талант КирешевКулданбаев: Биздин чаар жылкылардын ДНК анализдерин алып, Америкадагы жана Европадагы "Аппалузалар" менен салыштырып көрдүк. Жыйынтыгында кыргыз жылкылары менен Американыкы окшош чыгып, Европанын жылкылары такыр эле алыс экени аныкталды
Разведение пятнистых лошадей породы Аппалуза - Sputnik Кыргызстан
Кулданбаев: Биздин чаар жылкылардын ДНК анализдерин алып, Америкадагы жана Европадагы "Аппалузалар" менен салыштырып көрдүк. Жыйынтыгында кыргыз жылкылары менен Американыкы окшош чыгып, Европанын жылкылары такыр эле алыс экени аныкталды

— Чаар жылкынын кайсы учурда унутта калып кеткен?

— Менин оюмча совет доору келгенден кийин унутула баштады. Анткени колхоз-совхоздор түзүлүп аргындашуулар башталып, эл чоң аттарды багууга өтүп кетти.

— Бул жылкылар менен ат оюндарына чыкса болобу?

Жылкынын костюмун кийген адамд. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Боюнда бар кой", "кулун төрөгөн айгыр"… Уят боло элексизби? Кезектеги тест
— Чаар жылкынын бою кичине болгону менен күлүктүгү башка аттардан калышпайт. Мен улак тартпагандыктан ойноп көргөн эмесмин. Бирок кышында ал атты минип, коңшу мамлекеттерди чакырып хорсбол ойноп турабыз. Хорсбол Францияга таандык оюн. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат. Ал эми жайында туристтерге ат үстүндөгү турларды уюштурабыз. Учурда чаар жылкыларым бир үйүр болуп калды. Дагы да көбөйтүү аракетиндебиз.

— Баасы канча болот?

— Дүйнөдө тегине жараша 5 миңден 200 миң долларга чейин сатылат. Ал эми Кыргызстанда катардагы жылкылардын баасында эле.

© Фото / Талант КирешевСаяпкер: чаар жылкы көркөмү келишкен, узак жолго чыдамкай болгондуктан ушул жылкылар аркылуу туристтерди өлкөгө тартсак болот
Разведение пятнистых лошадей породы Аппалуза  - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер: чаар жылкы көркөмү келишкен, узак жолго чыдамкай болгондуктан ушул жылкылар аркылуу туристтерди өлкөгө тартсак болот

— Анда эмнеге бул жылкыны багууга жан үрөп жүрөсүз?

— Бул дүйнөгө белгилүү жылкы болгондуктан аны минип тоого чыгууга кызыккандар арбын. Бул жылкынын көркөмү келишкен, узак жолго чыдамкай болгондуктан ушул жылкылар аркылуу туристтерди өлкөгө тартсак болот. Кыргызды тааныткан ак калпагы, боз үйү, тоолору эмеспи, эң биринчи максатым — ошолордун катарына чаар жылкыны кошкум келет. Анткени бул байыркы жаныбар.

Жаңылыктар түрмөгү
0