БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын — Баетов жолунда унаа сүзүп кеткен киши каза болгонун аймактык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 19-сентябрь түнү Ак-Талаа айылында болгон. Унаа коюп кеткен 46 жаштагы жергиликтүү тургун жеринде каза болгон, ал эми айдоочу из жашырып кеткен.
Окуя болгон жерди текшерүүгө алган маалда Audi үлгүсүндөгү унаага тийиштүү бампердин бөлүктөрү табылган. Ушул сыяктуу тетиктери бузулган машина 25 чакырым алыстыкта бир үйдүн короосунан табылган.
Унаанын 23 жаштагы ээси Ак-Талаа РИИБге алып келинип, кырсыкка себепкер болгонун моюндады.
Чогултулган материалдын баары тергөөгө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.