Учугенова немис улутундагы өзүнүн кесиптешине турмушка чыккан. Бишкекте кыргыз салты менен өткөн тойго кыздын туугандары белекке берген боз үй тартуулашкан. Жубайлар аны атайын Берлинге алып барып бакчасына тигип алышты. Кызыгып келгендер боз үй эле эмес, Кыргызстан жөнүндө да маалымат алып турушат.
Кыялын Германдиядан орундаткан мекендешибиз менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маектешти.
— Алгач кайсы жердин суусун ичип чоңойгонуңузду сурагым келди.
— Мен Нарындын Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылында туулгам. Сегиз бир тууганбыз. Ата-энем жогорку билимдүү адистер болгондуктан балдарын окутууну биринчи орунга коюшкан. Тилекке каршы, экөө тең оорудан улам дүйнөдөн эрте өтүп кетишти. Алардын эрте көз жумушуна биздеги медицинанын алсыздыгы себеп болгон окшойт деп өкүнөм.
— Жогорку билимди кайсы жактан алдыңыз?
— Бала кезимде эле илим менен иштөөгө кызыкчумун. Мектепти бүткөндөн кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине биомедицина адистиги боюнча тапшырдым. Окууну аяктаган соң илимий иштин үстүнөн иштөө үчүн Германияга келдим.
— Германияга илимий ишке кеткен кыз болочок жолдошун кантип кезиктирип калды?
— Элибиз чет элден күйөө бала күтүүдөн чочулашат эмеспи. Немис мырзасын алып келсеңиз үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?
— Үй-бүлөм аны көрүп эле жактырып калышкан. Ал китеп окуп, жер кыдырып жүргөнү үчүн көп нерсени билет. Туугандарым менен чогуу отурганда Кыргызстандын географиясы, тарыхы жөнүндө кеп салып баштайт. Мен да кээде билбеген нерселеримди андан сурайм. Ошондуктан да ага бат эле көнүп кетишкен.
— Жолдошуңуз көп жер кыдырган деп калдыңыз. Өмүрлүк жарын кыргыз кызынан тандаганы да жөн жерден болбосо керек. Сизден кандай өзгөчөлүктөрдү байкаптыр?
— Жолдошум мени менен таанышканга чейин эле Кыргызстанга келип жүрчү экен. Биздин өлкө тууралуу мен көрбөгөн, билбеген кызыктуу фактыларды айтып таң калтырчу. Кийин экөөбүз тең Кыргызстанды кыдырып чыктык. Үйдө отурганда илимден сырткары башка элдин тарыхы, маданияты жана географиялык өзгөчөлүктөрү туурасында кеп кылабыз. Ал кыргыз кыздары сулуу, акылдуу, мээримдүү, боорукер жана өтө мээнеткеч болот деп мактайт. Балким ошол сапаттардан таасирленсе керек.
— Ал эми сизди анын кандай сапаттары жүрөгүңүздү багындырды?
— Өтө көп сапаттары (күлүп). Бирөөнү эле айтайын, анын мага конструктивдүү болгону жагат. Быйыл уулдуу болуп атын Аскар койдук.
— Эми боз үй туурасында кеп кылсак. Кыргыздын көчмө турак жайы Берлинге кантип барып калды?
— Биздин үйүбүз көлдүн жээгинде жайгашкан. Анын бакчасына чакан боз үйүбүздү тигип койгонбуз. Ичи-сырты оюу-чийүүлөр менен жасалып, тарыхый буюм-тайымдар коюлган. Боз үйдү бизге тоюбузда бир туугандарым белек кылышты. Атайын Берлинге алып келдик. Үйдүн жанынан күнүгө бир нече кеме, кайыктар жана жүздөгөн туристтер, шаардыктар өтөт. Боз үйгө көзү түшүп кызыгып сурагандар андан көп. Немистер сабаттуу эл болот эмеспи, бөлөк элдин тарыхы менен маданиятына кызыгуу менен мамиле кылышат. Бизден уккандарын интернеттен карап, кийин келгенде кайра өзүңө жаңы маалыматтарды айтып берет. Ошентип өзүм да Кыргызстан тууралуу билбегендеримди үйрөнүп жатам.
— Саякаттоого да өзүнчө убакыт бөлөсүзбү?
— Көп өлкөлөргө жумушка байланыштуу бардым. Кээ бир жерлер мага сырдуу болгондуктан кызыгуу жаралып кыдырып келгем. Жалпысынан 40тан ашуун өлкөдө болдум.
— Андай болсо сизден биз билбеген кайсы өлкөлөрдө болдуңуз деп сурасам туура болчудай.
— Канча тилди өздөштүрдүңүз?
— Кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөп жаза алам.
— Германияда жумушка орношуу да жеңил болбосо керек…
— Бул жакта коррупция жок. Көбүнчө сынак же маектешүү аркылуу жумушка орношо аласың. Ошол эле учурда мурда жасаган иштериңди да карашат. Менин илимий эмгектериме баа беришип, студенттерге лекция окууга чакырышкан. Учурда Саарланд университетинде сабак берем жана биомедицина тармагында илим менен алектенем.
— Биомедицина деген эмне?
— Батыш өлкөлөрүндө заманбап илимий медицинаны биомедицина деп атап калышты. Бул илим ооруларды изилдеп, жаңыча ыкма менен дарылоо жолдорун табууга арналган. Ал нанобиотехнология, ген терапиясы, биоинформатика, биоинженерия, өзөк-клеткалары, клондоо, молекулярдык биология, биоинженерия жана башкаларды кучагына камтыйт. Бул тармакта иштегендер практика менен эмес, көбүнчө теория жана илим изилдөө менен алектенет.
— Ал жактын билим сапаты менен Кыргызстандыкын салыштыра кетсеңиз.
— Келечекте Кыргызстанга келип иштөө пландарыңыз барбы?
— Үй-бүлө жана жумушума байланыштуу азырынча Кыргызстанга баруу планымда жок. Мунун дагы бир себеби — мен иштеген адистик Кыргызстанда өнүгө элек. Бирок кыргызстандык илимпоздорго колдоо көрсөтүп иштешүүгө кызыкдармын. Мисалы дерматология боюнча окумуштуулар мага байланышса жаңы долбоорлорду ойлонот элек.