Физик Алмазбек Иманалиев: Францияда атомдордун кванттык касиетин изилдедим

© Фото / предоставлено Алмазбеком ИманалиевымПариж шаарында жашап, Франциянын улуттук институтунда метрология жаатында эмгектенген мекендешибиз Алмазбек Иманалиев. Архив
Париж шаарында жашап, Франциянын улуттук институтунда метрология жаатында эмгектенген мекендешибиз Алмазбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Иманалиев докторлук диссертациясын Францияда атом жана оптика илими боюнча жактап, магистратурасын Түркия жана Нидерланд мамлекеттеринде окуган. Учурда Парижде жашайт.

Ал башында оорчулуктар болгонун бирок "саргара жорткон, кызара бөртөт" демекчи ошол кыйынчылыктарды жеңе билүү керектигин айтат. Андан сырткары, чет элде жашаган мекендештердин баарында болгон кыйынчылык — бул туулуп өскөн жериңди, элиңди сагынуу экенин баса белгиледи.

Алмазбек маегинде физика илиминдеги айрым терминдер кыргызчалана электигин белгилеп өттү.

— Менин байкоомдо кыргыз тилинде илимий терминдер, ал гана эмес физика илимдерин үйрөнүү боюнча жаңы өнүгүүлөрдү камтыган кыргыз тилиндеги окуу куралдары жокко эсе. Андыктан бул жаатта мамлекеттин илимге колдоо көрсөтүүсү керек.

© Фото / предоставлено Алмазбеком ИманалиевымКесиптештери менен лабораторияда иш учурунда
Сотрудник отдела метеорологии в Французском национальном университете, кыргызстанец Алмазбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Кесиптештери менен лабораторияда иш учурунда

Өзүмдүн башыман өткөн окуяны баяндап берейин. Мен Кыргызстандагы жаш жеткинчектер үчүн физиканы оңой жана кызыктуу кылып үйрөнүш үчүн материал даярдап бир журналга жөнөткөм. Аны жасоо редакциянын колунан келген жокпу, же физика бизде кызыгуу жаратпайбы, айтор, менин катыма жооп ала алган жокмун.

— Алмазбек, атомдук оптика боюнча илимдин докторлугун Францияда жактаптырсыз. Билим алуу оор болгон жокпу?

АКШнын Техас штатынын Карролтон шаарындагы жалпы билим берүүчү Harmony public school мектебинде түрк тилинен сабак берген мекендешибиз Марат Сейитов - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы мугалим Сейитов: окуучуларда дептердин эки бетин колдонуу деген түшүнүк жок
— Ооба, диссертациямды 2016-жылы Франциянын оптика боюнча эң алдынкы делген институтунда жактадым. Биздин кесип дагы дарыгерлердикине окшошуп 8-9 жылдап талбай окуу жана изденүүнү талап кылат. Мен диссертациямды баштоодон мурун Түркия, Нидерланд мамлекеттеринде магистратураны окудум. Ал эми диссертация учурунда лабораторияда жаңы ачылыштарды жасоо үчүн эксперимент жүргүздүм. Биз кылган тажрыйба жалпак тил менен айтканда, атомдордун кванттык касиетин аныктоочу тажрыйба эле. Келечектеги кванттык компьютерлер үчүн бул тажрыйба чоң мааниге ээ. Ал эми учурда метрология жаатында инерциялык күчтөрдү так өлчөө боюнча жаңы атомдор менен жасалган аппараттын тактыгын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз.

— Азыр Франциянын улуттук институтунда метрология бөлүмүндө иштеп жатам деп калдыңыз. Ал жакка кантип жумушка орноштуңуз? Докторлукту жактагандан кийин дароо эле жумушка кирдиңизби?

— Диссертациямды жактаганга чейин эле иштеп баштаган элем. Жумушка орношууда диссертация жактаган институттун, ал жакта чогуу иштешкен адамдардын жардамы тийди десем болот.

© Фото / предоставлено Алмазбеком ИманалиевымЭс алуу күндөн бир элес
Сотрудник отдела метеорологии в Французском национальном университете, кыргызстанец Алмазбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Эс алуу күндөн бир элес

— Силердин кызматты кимдер колдонот? Сурайын дегеним кимдер талап кылат?

— Биздин кызмат эл аралык стандарттарды белгилөөдө талап кылынат. Андан сырткары, навигация, геология, геодезия жана башка тармактарда абдан керек.

— Докторлукту француз тилинде жактасаңыз керек? Бальзактын тилин өздөштүрүү оор болгон жокпу?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Илимий ишимди англис тилинде жактадым, анткени азыр илимдин тили англисче болуп жатпайбы. Эмгегимди француз эли эле эмес, бардык кызыккандар окусун деген ниетим бар эле. Андан сырткары Бальзак, Мольердин тилин да үйрөнгөм. Анын күнүмдүк жашоодо жана кесиптештерим менен баарлашууда абдан кереги тиет.

— Билим алуу үчүн эмнеге Францияны тандап алдыңыз?

— Францияда так илимдерди изилдөөгө көп көңүл бурулат жана изилдөө үчүн "савуар фейр", башкача айтканда, тажрыйбага бай десем жаңылышпайм. Экинчиден, илимий өнүгүүнүн очогу болгондуктан илим-билимде болуп жаткан кабарлардан артта калбайсың.

© Фото / предоставлено Алмазбеком ИманалиевымИлимий даражага ээ болуу. Бүтүрүү кечеси
Сотрудник отдела метеорологии в Французском национальном университете, кыргызстанец Алмазбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Илимий даражага ээ болуу. Бүтүрүү кечеси

— Франция сизди эмнеси менен таң калтырды?

— Айта берсек көп эле нерсе бар. Мисалы адам укуктарын тебелебей, баарына бирдей мамиле жасашат. Расмий иш жерлерине барганда сылык мамиле кылышат, ошол эле полиция сылык сөздөрүн оозунан түшүрүшпөйт. Албетте, туристтерди арбаган архитектурасы, бай маданияты жана Париждин кооздугу мени таң калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0