БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда эл аралык жер форуму аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынан билдиришти.
12-15-сентябрь күндөрү болгон бул форум "Адамга багытталган жер ресурстарын башкаруу: жергиликтүү элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жерлерди пайдалануудагы укуктарын камсыз кылуу" деп аталды.
Форумда айылдык жамааттардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн айыл-чарба жана токой жерлерин башкарууну жакшыртуу жолдорун издөөгө багытталган дискуссиялар болду.
Андан соң делегаттар Ысык-Көлгө барып, Күнгөй Ала-Тоодогу токойлорду көрүп, аларды туура пайдалануу практикасы менен таанышты.
Форумга Италия, Индия, Пакистан, Монголия, Эфиопия, Индонезия, Бангладеш, Камбоджа, Филиппин, Непал жана Казакстандан 100дөн ашуун делегаттар келишти.