БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Астана-6" жолугушуусунун катышуучулары, ал тургай куралдуу оппозициянын 24 өкүлү келди. Бул туурасында Казакстан ТИМи билдирди.
"14-сентябрда Сирия жаатындагы Астана сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы раунду башталат. Жолугушууга катыша тургандардын бардыгы кечээ Казакстанга келип түштү", — деп билдирген маалымат кызматы.
Ведомстводон Россиянын делегациясын Сириядагы абалды жөндөө боюнча атайын өкүл Александр Лаврентьев жетектеп келди. Ал эми Түркия менен Ирандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары келген.
Казакстан ТИМи, андан сырткары, Сириядагы куралдуу оппозициянын ар кыл топторунан 24 өкүл келгендигин билдирди.
Алар "бүгүн, эртең макулдашып, мурда күн тартибинде бекитилген маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрө тургандыгын жана буга чейин Астанада өткөн кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы талкуулана тургандыгын" айтышты.