БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жума күнү Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 8-сентябрда борбор калаадагы Көк-Жар конушунун Көнөрчөк, Тоң, Көк-Жар, Улан, Арстанбап көчөлөрүндө 09:30дан 12:00гө чейин, Кара-Жыгач конушунун Толстой, Оберон көчөлөрүндө 13:00дөн 15:00гө чейин жарык жок болот. Андан сырткары, 09:00дөн 17:00гө чейин Киев көчөсүнүн №93 жана Тунгуч кичи районундагы №21 үйдө электр жарыгы өчөт.
Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Троицкий, Месароша, Сельповский, Ильменский, Сельсовет, Репин, Жайыл баатыр көчөлөрү менен Красный строитель жаңы конушунун Набережный, Дубосековский, Нурек, Наманган, Адыр, Андижан, Зеравшан, Криворож көчөлөрүнө электр энергиясы берилбейт.