5-6-сентябрь күндөрү мамлекеттик сапары менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда болду. Коңшу мамлекеттин айрым билдирүүлөрү чыныгы маалыматтык дүрбөлөң жаратты.
"Суу маселеси жана ГЭСтин курулушу боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганын айтты", — деп белгиледи өзбек лидери.
Президент, мындан тышкары, Өзбекстан долбоордун ишке ашышына каржылык да, ресурстук да жактан көмөктөшүүгө ниеткер экендигин кошумчалап, "Камбар-Ата ГЭСи биргеликте куруларын, ал зарыл" экенин айтып сөзүн жыйынтыктады.
Кептин төркүнү кайда?
КАГЭС-1 — Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанциянын долбоору.
"Болжолдонгон кубаттуулугу — 1 860 мегаватт (Токтогул ГЭСинен бир жарым эсе кубаттуу), жылдык орточо өндүрүмү – 5,1 миллиард киловатт саат. План боюнча суу сактагычтын көлөмү 4,6 миллиард куб метрди түзмөкчү (Токтогул ГЭСинде — 19,5 миллиард)", — деп билдиришти Улуттук энергохолдингден.
Даярдык иштери 1986-жылы башталып, бирок СССР таркагандан кийин курулуш иши токтоп калган. 2012-жылы Кыргызстан менен Россия долбоорду биргеликте ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшкан.
ГЭС Кыргызстандын Нарын дарыясында жайгашмакчы, ал Өзбекстан аймагында Кара-Дарыяга барып кошулуп, Сыр-Дарыянын башатын түзөт.
Нарындын гидродарамети — жылына 36,5 миллиард киловатт-саатты түзөт, анын баары толук колдонулбайт.
КАГЭС-1 тургузулгандан кийин Камбар-Ата ГЭС-2нин толук кандуу иштешине (360 мегаватт) жетишүүгө жол ачылат.
Ал ортодо Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Улан Рыскулов билдиргендей, азыр так бир келишим, атүгүл, долбоор да жок.
Ал эми Улуттук энергохолдингдегилер аталган кырдаал тууралуу кийинчерээк түшүндөрмө бере тургандыгын убада кылышты.
Баарына төп долбоор
Токтогул ГЭСинин мурдагы жетекчиси Болот Иманалиев Кыргызстан кандай болгон күндө да КАГЭС-1ди кура турганын эске алып, Өзбекстан буга карата саясатын өзгөрттү деген пикирде.
"Камбар-Ата Токтогул ГЭСинин ишин турукташтырат. Жайында, сугат маалында суу топтойбуз. КАГЭСтин курулушу менен керек кезде сууну көп өткөрүп, агымын жөнгө салууга өтө алабыз", — деди Иманалиев.
Өзбекстандын долбоорго кошулушуна дагы бир себеп — CASA-1000 (Кыргызстан — Тажикстан — Ооганстан — Пакистан электр өткөрүү сызыгы). Иманалиев мындай жол менен электр энергиясын сатуу рыногу пайда болуп, станцияларды куруунун зарылдыгы жаралат деген ойдо
Кыргызстандын ийгилиги — өзбек дипломатиясынын жеңишиби?
КАГЭС-1 боюнча жылыштарды Өзбекстандын үзүрлүү дипломатиясына байланыштырат "Далил+" серепчилер клубунун мүчөсү Марс Сариев. Анын айтымында, коңшулар эң ыңгайлуу учурду — Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аяктаган маалын тандашкан.
"Өзбекстан башчысы дурус дипломатиялык жүрүш жасады — ал иш жүзүндө ГЭСтин курулушунда өз укугун бекемдеп койду. Эми сөзсүз түрдө Өзбекстан менен макулдашылып, анын катышуусу менен гана ишке ашырылат. Албетте, Мирзиёев биздин президенттин беделин да көтөрүп кетти, бул шайлоо кампаниясына таасирин тийгизбей койбойт. Шайлоого туура бир жарым ай калганда өзбекстандыктар өз кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө алды. Бул биз тарапка да каршы келбейт, аларды толуктап турат", — деди Сариев.
"Кандай болгон күндө да Өзбекстан жок Камбар-Ата ГЭСин куруу мүмкүн эмес болчу. КАГЭС-1 электр энергиясын иштеп чыгарат, ал эми Токтогул суу сактагычы өзбек талааларын сугаруу үчүн суу топтойт. Биз баары бир коңшу мамлекет менен мамилени түзөөгө тийиш элек", — деп белгиледи Сариев.
Быша элек ашка жыргабайлы!
Саясат таануучу Марат Казакпаев кубанууга эрте экендигин айтат.
"Бул тек гана жар салынган билдирүү, аны абайлап баалоо зарыл. Адегенде коңшу тарап келишим түзүп, курулушту баштоого кандай шарттарды сунуштап, эмне талап коерун билишибиз керек. Ошондо гана баары түзөлүп баратканынан кеп салууга болот", — деп түшүндүрөт Казакпаев.
Өзбекстандын катышуусу да Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун ишке ашырылышына кепилдик бербейт, себеби, коңшу мамлекет негизги инвестор эмес, демек, дагы башка каалоочулардын болушу абзел.