Австралияда жарышка түшкөн унаа көрүүчүлөргө күйүп жаткан бензинди чачкандыгын The Telegraph билдирди.
Элис-Спрингс шаарында өтүп жаткан Red CentreNATS фестивалында айдоочу өзүнүн темир тулпары менен дрифт кылууга аракет кылып, ошол маалда унаанын майы күйүп кеткен. Жыйынтыгында машинадан чыккан жалын трибунадагы элди каптап кетти.
Көрүүчүлөрдүн бири тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу элдин жанында дрифт кыла баштап, көз ирмемден кийин трибуна ызы-чуу түшүп калды.
Маалыматка караганда, окуядан кийин ар кандай даражадагы күйүктөр менен ооруканага 12 киши жеткирилген, бирөөнүн акыбалы оор деп бааланууда.