Каракол шаарында чөп жүктөп бара жаткан КамАЗ күйүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, окуя бүгүн шаардагы Ахунбаев көчөсүндө болгон. Муну ӨКМдин маалымат кызматы да тастыктады.
Жүк ташуучу унаада 450 түк чөп болгон. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө үч өрт өчүрүүчү унаа саат 13.35де жетип барып, 16.24тө өрттү толугу менен өчүргөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн жалыны жанында токтоп турган унааларга да тийген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча электр зымдарынын учкуну чөпкө тийгендиктен өрт чыккан.
Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.