БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев дин темасына арналган эл аралык илимий конференцияга катышып жатат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Руханий Жибек-Жолу. Жаратуу. Интеграция" аталышындагы эл аралык конференция Татарстандын борбору Казань шаарында бүгүн, 4-сентябрда өтөт. Максат ажы Токтомушев Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдиндин чакыруусу менен барды.