БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүн бойлой жайгашкан "Азиз" базарындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрт административдик имарат менен кампада эртең менен саат 6да чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү унаалар тартылып, саат 7.42де чектелген. Кырсык 600 чарчы метр аянтка жайылган.
Өрт толугу менен саат 9.52де өчүрүлгөн. Кырсыктын чоо-жайы ушу тапта аныкталып жатат.