БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Орто-Кашат айылына кошумча тогуз электр мамыча орнотулуп, 500 метр зым тартылды. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай аракеттер күз-кыш айларына карата даярдыктан улам көрүлүп жатат.
"Айылда абоненттердин саны көбөйүп, кошумча электр жарыгына муктаждык жаралган. Райондун карамагындагы Бала-Чычкан, Мазар-Суу айылдарына дагы бир чакырымдан ашуун аралыкка электр зымдары тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, электр зымдарына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо иштери жүрүп жатканы айтылды.