"Ата-Бейиттин" ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар

Жазылуу
1938-жылы репрессияланып, түндөп, жашыруун атылып, чуңкурга ташталган кыргызстандык жарандардын "Ата-Бейитке" урмат менен кайра көмүлгөн күнүнө бүгүн туптуура 26 жыл болду.

Бул күнгө карата Sputnik Кыргызстан Мамлекеттик борбордук архивден алынган кадрларды окурмандарга тартуулайт.

…1991-жылы жайында, тагыраагы августтун аягында Кыргызстанды бир эсе таңгалдырган, бир эсе денени "дүр" эттирген окуя дүң эле дей түштү.

"Илгери репрессия болуп атылып кеткендердин сөөгүн табышыптыр, кайра көөмп жатышыптыр" деген сөз желдей тарап өлкөнүн булуң-бурчуна жетти.

Чон-Таш айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
НКВД тарабынан атылган адамдарды кийин КГБ кызматкери Болот Абдрахманов баш болгон топ дыкаттык менен иликтеп, репрессияланган адамдар экенин далилдеп чыккан. Алардын фактыларында 1938-жылы 5-8-ноябрда кыш заводунун мешине атылган 138 адамдын сөөгү үстү-үстүнө ташталып, шашылыш көмүлгөнү айтылат.

Жарым кылымга жакын катылып жаткан сырды ошол кездеги трагедиянын чек жакасын билип калган кишинин кызы Бүбүйра Кыдыралиева кийин бийликке демократия желаргысы келгенде каргашалуу окуянын чоо-жайын билдирген.

Ал жерде кыргыз элинин каймактары, Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат.

"Ата-Бейит" комплексинин жетектөөчү адиси Өктөм Кадырованын айтымында, ошол күндөрү атылгандарды Бишкектин азыркы Токтогул — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги абактан алып келишкен экен.

Алардын ичинен 137 адамдын аты-жөнү такталып, 138-курмандык аял кишинин ким экендиги белгисиз бойдон кала берген. Себеби, казган учурда аялдын кызыл түстөгү кийими жана 37 өлчөмдөгү бут кийим табылган.

Тоо түбүндөгү Ата-Бейит. Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай - Sputnik Кыргызстан
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай
Бир топ машакаттуу иликтөөлөрдөн кийин 137 адамдын аты-жөнү такталып, ташка чегилип жазылып, урпактары алардын акыркы жайы туурасында билүүгө мүмкүнчүлүк алды. Көңүлү ооруп турса да, көп кишилерди бул окуя канааттандырды. Себеби, алар аталарынын кайда жатканын акыры билишти. Маалыматтарда репрессиялангандар 19 улуттун өкүлдөрү экени айтылып келет.

Ошентип 1991-жылы 30-августта биздин түшүнүк менен айтканда, алардын ар бири өз-өзүнчө жайга ак кепинделип, бала-чакасынын, элдин, бийликтин катышуусу менен кайрадан көмүлгөн.

Азыр бул жер ошол жайда жаткандардын бири Төрөкул Айтматовдун уулу үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Ата-Бейит" деп аталды. Ал жер азыр улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс.

Жаңылыктар түрмөгү
0