БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылына ФАП куруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, фонд жеңил конструкциядагы курулуш (контейнер) иштерине 2 миллион 570 миң 486 сом сарптоого даяр.
Тендер 28-августта жарыяланып, мөөнөтү 18-сентябрда аяктайт.