БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Акталчат — Соң-Көл авто жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынан өткөн Актал-Чат көпүрөсүндө пайда болгон өзгөчө кырдаалдар жоюлууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 50 миллион сом каралган. "Кербенжолкурулуш" ААКы 45 миллион 871,5 миң сомго оңдой турганын айтып, конкурстан утуп чыккан.
Азыр көпүрөнүн асфальт катмары сыйрылууда.
Актал-Чат көпүрөсү 1967-жылы курулуп, 50 жыл кызмат кылган. Узундугу 141 метр. 1981-жылы 2-тирөөчү ремонттон өткөн. 2017-жылдын апрель айында байкоо жүргүзүлүп, натыйжада бир тирөөч 67 сантиметрге чөгүп кеткени аныкталган. Долборлоо институтуна долбоорун иштеп чыгуу боюнча техтапшырма берилди.