БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Баткен — Ош жолунда КамАЗ велосипедчен баланы коюп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы Баткен ОИИБдин маалымат кызматына таянуу менен кабарлады.
Маалыматка ылайык, КамАЗды Кара-Суу районун 59 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан.
"Жол кырсыгынан Баткен шаарынын 10 жаштагы тургуну каза болду", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.