БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Чүйдө даракка чыгып түшө албай калган кишиге жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы Бусулаев көчөсүндө болгон.
Дарактан түшө албай калган кишиге ӨКМдин аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жардам берген.