БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Москва шаарында өтө турган дүйнөлүк куран жарышына Кыргызстандын атынан Абдималик Козубеков катышат. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, жарыш үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Crocus City Hall залында өтүп, ага 32 мамлекеттин ичинен тандалган мыктылар катышат.
Конкурстун жүрүшүндө дүйнөлүк аалымдар лекцияларды өтүп, ар кыл иш-чаралар уюштурулат.
Ал эми жеңүүчүлөргө ажылыкка, умрага жолдомолор жана Iphone 7 уюлдук аппараттары берилет.