БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кытайда "өнөктөштү ижарага алуу" индустриясы дүркүрөп өнүгүп жатат. Себеби ата-энелер бойдок жүргөн балдар, кыздарынын тез арада үй-бүлөлүү болушун каалап жаткандыгында экенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Ата-энелер балдарына көпчүлүк учурда "качан турмуш курасың" деп психологиялык басым жасап келери айтылат маалыматта. Андыктан алардын мындай кысымына кабылбаш үчүн бойдок жаштар "өнөктөштөрдүн" кызматынан пайдаланышат.
Өзгөчө үй-бүлөлүк майрамдардын алдында "өнөктөш" балдар, кыздар бир суткада 1,5 миң долларга чейин иштеп таба алышат.
Жаштар "өнөктөштөрдү" интернет аркылуу издешет. Ал үчүн iOS системасын колдонгодор үчүн атайын тиркеме да иштелип чыккан.