Багы ачылбаган саясий тандемдер. Оту күйүшпөй калган кыйындар ким?

© AFP / GEORGES GOBETУлицы Брюсселя
Улицы Брюсселя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи саясатта айрым саясий күчтөрдүн биригиши кадимки көрүнүш. Ал Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Айрымдары карапайым элди эле эмес, саясий серепчилерди да таң калтырган. Sputnik агенттиги мындай саясий биригүүлөрдү тизмектеп, алардын арты эмне менен аяктаганына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бир нече күн мурун үч партия — "Ата-Журт — Мекенчил", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" бириккени тууралуу жар салды.

Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Теңтуштары оромпой тээп жүргөндө саясаттан ордун тапкан 9 адам
Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттикке бирдиктүү талапкер көрсөтө тургандыктарын айтышты, бирок азырынча ким тандалары белгисиз.

Кыргыз саясатында бул саясий биригүү биринчилерден эмес. Sputnik агенттиги мындай саясий биригүүлөрдү тизмектеп, алардын арты эмне менен аяктаганына кызыгып көрдү.

"Кыргызстандын элдик кыймылы"

2004-жылы бир катар оппозициялык саясатчылар Ишенгүл Болжурова, Азимбек Бекназаров "Кыргызстандын элдик кыймылын" түзүшкөн. Бул саясий бирикмени ошол учурда мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев жетектеген. Бирок 2005-жылы 24-марттагы окуялардан кийин кыймылдын аты чыкпай калган. Анын бир катар лидерлери мамлекеттик кызматтарга барышкан. Мисалы, Бакиев өлкө президенти болгон. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКурманбек Бакиев менен Феликс Кулов жигиттик антташуу менен тандем түзүшкөн
Президент Кыргызстана Курманбек Бакиев и премьер-министр Феликс Кулов во время празднования 15-летия независимости Кыргызской Республики. 31 августа 2006 года. - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов жигиттик антташуу менен тандем түзүшкөн

Жигиттик антташуу. Тандем

Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов жигиттик антташуу менен тандем түзүшкөн. Кулов премьер-министрлик кызмат үчүн 2005-жылкы президенттик шайлоого катышуу дымагынан баш тартып, Бакиевди колдогон. Бирок бул жигиттик антташуу көпкө узабай, 2006-жылы "ар намысчы" Кулов кызматынан кол жууган. Себеби, конституциялык реформанын алкагында өкмөт отставкага кеткен. Андан кийин Бакиев премьер кылчумун деп Куловдун талапкерлигин эки жолу парламентке сунуштаганы менен колдоо тапкан эмес. Үчүнчү ирет ошол учурда айыл чарба министрлигин жетектеген Азимбек Исабековдун талапкерлиги өтүп кеткен.

Митинг үчүн биригүү

Выборы президента в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодо ким канча табат? Саясий технологдордон ырчы-чоорчуларга чейин
Бакиевдин мындай аракетинен кийин Феликс Кулов "Бакиев жигиттик шертти бузду" деп айыптап, анын отставкасын талап кылган. Экс-премьер өзүнүн "Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн" фронту жана оппозициялык "Реформа үчүн" (лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев болгон) кыймылы менен митингдерди уюштурган. Аянтка чыккандар атайын даярдыктагы аскерлер менен таратылган. Белгилей кетсек, митингдердин башталышынан эки жума мурун "Реформа үчүн" кыймылынын лидеринин бири Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп дайындалган. Бул митингдерде Атамбаевдин Куловду койлорду касапканага ээрчитип бараткан текеге салыштырып айтканы эсте калган.

Бабанов менен Ташиевдин "Республика — Ата-Журту"

Учурунда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен "Ата-Журттун" анабашы Камчыбек Ташиев келишкис каршылаштардан болчу. Бирок алардын жылдызы 2014-жылы келишип, эки партия биригип "Республика — Ата-Журт" болушкан. Бир жылдан кийин 2015-жылы парламенттик шайлоого бир партия катары катышкан. Учурда РАЖ Жогорку Кеңеште депутаттардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунда турат. Ал эми Ташиев 2015-жылы парламенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда башка партиянын өкүлү менен мушташа кетип, тизмеден чыгып калган.

Ташиев менен Бабановдун биригүүсү 2016-жылдын аягына чейин гана созулган. Себеби, Ташиев Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен биригип кеткен

Көпкө узабаган биригүүлөр

Бакыт Төрөбаев үчүн саясий тараптар менен биригүү жаңылык эмес. 2013-жылы декабрда "Өнүгүү-Прогресс" менен "Улуттар биримдигинин" ортосунда стратегиялык өнөктөшүү боюнча келишим түзүлгөн. Ошол учурда "Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турган. Мырзакматов кызматтан алынары менен саясий бирикме да бузулган.

Ара жолдо…

2015-жылдын башында Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан") менен Аскар Салымбеков ("Эмгек") биригип, жаңы саясий бирикме "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" деп аталган. Бирок алардын 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо жеңишке жетебиз тилеги ишке ашкан эмес. Мындан көп узабай партиялар "ажырашып" кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0