05:20 25 Бугу 2017
Түз эфир
Ата-Журт партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү

Мадумаров, Келдибеков, Ташиев: үчөөбүздүн бирөөбүз президенттикке аттанабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (34)
120420

Буга чейинки өткөн президенттик шайлоого Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров катышкан.

БИШКЕК, 30-ноя.—Sputnik. Саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин үчөөнүн бирөө президенттик шайлоого сөзсүз катышарын Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди. 

  • Ата-Журт партиясынын лидери Камчыбек Ташиев
    "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев
    © Sputnik / Владимир Пирогов
  • Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаров
    "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров
    © Sputnik / Андрей Стенин
  • Экс-спикер Ахматбек Келдибеков
    Экс-спикер Ахматбек Келдибеков
    © Фото / пресс-служба ЖК КР
1 / 3
© Sputnik / Владимир Пирогов
"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев

Белгилей кетсек, ушул тапта аталган үч саясатчы бириккендигин жар салып, маалымат жыйын курууда.

"Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин үчөөбүздүн бирөөбүз сөзсүз президенттик шайлоого барабыз. Бирок, кимибиз катыша тургандыгыбыз чечиле элек, сүйлөшүп жатабыз", — деди Ташиев. 

Эске сала кетсек, 2011-жылы өткөн президенттик шайлоого Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров катышкан.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (34)

Тема боюнча

Камчыбек Ташиев: оппозиция болчу ири фракциялар бийликке баш ийип беришти
Адахан Мадумаров: ЖКда оппозиция жок, жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношууда
Белгилер:
шайлоо, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ

  • Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

    Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

    527
  • Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды.

    Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиевге НТС каналынын "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеев интервью берди.

    1524
  • Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

    Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

    276