Чек ара кызматы кыргыз-казак чегиндеги атышуу боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматы коңшу өлкөнүн аймагында болгон чырга КР жарандарынын тиешеси жок экенин айтты

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Мындан үч күн мурун, 12-августта кыргыз-казак чек арасындагы жаңжал Казакстан мамлекетинин аймагында болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара козомол пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан чек арасындагы атышуу. Казак ИИМи чек арачыларга иш козгоду
Эскерте кетсек, 12-август күнү кечинде кыргыз-казак чек арасынан 15ге чукул белгисиз адам оролгон зымдан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Бирок алар чек арачыларга каршылык көрсөтүп, күзөтчүлөрдүн ден соолугуна залака тийгизген. Мындан улам чек арачылар ок чыгарып бирөөсүн жарадар кылган. Ошентсе да алар качып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк жаракат алган адам көз жумганы маалым болгон.

"Коңшу өлкөнүн аймагында болгон чырга КР жарандарынын тиешеси жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Атышуудан каза болгон киши Казакстандын жараны экени ошондо эле белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0