Топ тепкен кыздар. Бишкекте "Үч улуттун кубогу" эл аралык турнири башталат

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын кыз-келиндер командалары катышат

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте үч өлкөнүн футбол боюнча кыздардан турган курама командалары күч сынашат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 15-августта "Үч улуттун кубогу" аталышындагы эл аралык турнир башталат. Ага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын футбол боюнча кыздар курама командалары катышат. Анда спотчулар федерациянын оюн талаасында кездешип, беттештер 20-августка чейин өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0