БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектеги Түштүк магистралда жүргүнчү ташыган маршрутка менен Volkswagen Transporter кагышып, анын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 8:20лар чамасында болгон.
"Күбөлөрдүн айтымында, Volkswagen Transporter жол чырагына карабай бурулуштан чыга калып, Mercedes Benz Sprinter маршруткасын капталга сүзүп, ал оодарылып калган", — деп айтылат маалыматта.
Эки айдоочу тең алкоголь жана баңгизаттарды колдонуп-колдонбогону боюнча текшерүүдөн өтүп, таза экени аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борбору жол кырсыгынан жабыркагандар келип түшкөнүн тастыктады.