Кырсыктын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болуп, 20га чукул адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Volkswagen унаасынын айдоочусу жол чырагына карабастан бурулуштан чыга калып Mercedes Benz Sprinter маршруткасы менен кагышкан. Натыйжада маршрутка оодарылып калган.
Эки айдоочу тең алкоголь жана баңгизаттарды колдонуп-колдонбогону боюнча текшерүүдөн өтүп, таза экени аныкталган.