БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ажатканадан табылган ымыркайдын абалы канааттандырарлык, денесиндеги калтырак жоголду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, кечээ, 31-июлда Бишкектин четиндеги Арча-Бешик жаңы конушундагы ажаатканалардын биринен жаңы төрөлгөн кыз табылган.
"Бала дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Тубаса кемтик оорулары азырынча байкалбайт. Жасалма жол менен тамактандырылып жатат. Эки өпкөсүнүн тең дем алуусу угулуп калды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ымыркайдын салмагы 3,396 граммды түзгөнү айтылган.