БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Британиянын бийлиги экстремист деп шектелип, өлкөдөн чыгып кеткен 150 кишини жарандыгынан чыгарганын Sunday Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аларга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды.
Британ бийлиги негизинен "Ислам мамлекети" террордук тобуна өтүп кеткен кишилерди жарандыктан чыгарат. Жыл башынан бери 40 киши жарандыгынан ажыраган.
Буга чейин айрым ЖМКлар Британияга кайтып келген 350 жаранды атайын кызмат өлкөгө террордук кооптуулук туудурат деп атайын тизмеге алганын жазып чыгышкан. Сириянын согуш болгон аймактарына Британиянын 850 жараны барган. Алардын 10-15 пайызы окко учса, дээрлик жарымы мекенине кайтып келген эмес. Жалпысынан Британиянын атайын кызматы мамлекетке кооптуулук туудурат деп үч миңдей кишини каттоого алган.