БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн пляждарынын биринде чыккан мушташ боюнча кылмыш иши козголгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Ысык-Көл облустук ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.
Жума күнү, 28-июлда Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири чоң эле киши 9 жаштагы балага кол көтөргөнүн жазган. Тексттин авторунун айтымында, 9 жашар бала ал кишинин 3-4 жаштагы баласы көлгө заара ушатканын айтып, эскертүү берген. Андан кийин мушташ болгон. Экинчи тараптын айтымында, жергиликтүү тургундар аларды сабаган.
ИИББдин маалыматы боюнча, Кара-Ой айылы (баланын энеси) менен Бишкек шаарынын тургундары бири-бирине каршы арыз жазган.
"Баланын апасы жазган арызында, сынды көтөрө албаган киши анын баласына кол көтөргөнүн айткан. Ал эми үй-бүлө башчысы анын баласы чындап эле көлгө заара ушатканын моюндаган. Анын айтымында, кийин аларга чоңураак балдар келип үй-бүлөсүн сабап кеткен", — деп ИИББдин маалыматында айтылат.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.