БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда узундугу 24 метрди түзгөн көпүрө курулууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, бул иштер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылга карата түзүлгөн "Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу" планы боюнча жасалууда.
"Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын Таштак участкасында узундугу 24 метрди түзгөн авто унаа өтүүчү көпүрө курулууда. Курулуш иштерине ӨКМ тарабынан 17900 килограмм цемент, 2048 килограмм арматура жана эксковатор, автосамосвал техникалары күйүүчү майы менен бөлүнүп, жергиликтүү айыл аймак тарабынан күнүнө 20-30 адам жумушка тартылган", — деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой көпүрө курулуп бүтсө Арстанбап айылындагы мектеп окуучулары жана жергиликтүү калк үчүн жол каттамы жакшырат.