БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ала-Буканын эки айылында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МЧС КРАла-Буканын эки айылында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп бүттү
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ала-Буканын эки айылында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп бүттү
© Фото / пресс-служба МЧС КРКөпүрө ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу" иш планынын негизинде курулду.
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Көпүрө ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу" иш планынын негизинде курулду.
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ала-Буканын эки айылында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп бүттү
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Көпүрө ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу" иш планынын негизинде курулду.
Билдирүүгө ылайык, көпүрө ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу" иш планынын негизинде курулду.
Жапа-Салды айылында жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, 50 кожолукту тейлеген узундугу төрт метр болгон автоунаа өтүүчү көпүрө курулган. Ал эми Ак-Коргон айылында 300 кожолуктун жол каттамын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 170 миң сом бөлүнүп, автоунаа өтүүчү көпүрөнү жеке менчик ишкана куруп бүтүргөн.