Филиппин парламентинин өкүлү Бишкекке Борбордук Азия элинин ичиндеги аяр катмардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланган конференцияга катышуу үчүн келген.
— Кыргызстанга алгач ирет келишиңиз экен, таасирлериңизден бөлүшсөңүз.
— Ооба, өлкөңүзгө бул биринчи жолку сапарым. Филиппинден Бишкекке чейин узак жол бастым, жалпысынан, отуз төрт саатка жакын учтум. Учактан чыкканымда бул жердин узактыгына арзый тургандай эле бар экен дедим.
Башынан эле өз өлкөмдөн кескин айырмаланган мамлекетке багыт алганымды билгем. Аэропорттон чыкканымда эмнеге таңгалганымды билесиңерби. Жүз миллиондон ашуун калк жашаган Филиппинден соң Кыргызстан аябай кенен сезилди.
Негизинен, элиңиз менен эбак тааныштыгым бар. Жолумдан чыккан алгачкы кыргыз — учактагы борт кызматкери болду. Адегенде аны филиппиндик деп ойлоп, кайсы шаардан экенин сураган элем. Ал бийкеч Кыргызстан туурасында айтып бергенден кийин картадан издеп таптым.
Бүгүнкүгө дейре Бишкектин кичине эле бир бөлүгүн көрдүм, бирок, шаар мени кубандырды. Чүй облусунун кызыктуу жерлеринин бирине бардым, табияты укмуш "Ала-Арча" улуттук паркында болдум. Бул жер көңүлүмдү ээлеп алды.
— Кыргызстан менен Филиппиндин кайсы окшош жактары, кандай кескин айырмачылыктары бар?
— Окшоштуктарын айтканым оңой болот го. Түспөлдөшүп кетебиз, учактагы таанышуу да муну айгинелеп турат. Бүгүн Филиппин кызмат көрсөтүү тармагында лидерлерден болуп саналат, ачыгын айтсам, ушундай дараметти – сиздердин мамлекетте да көрүп турам.
Соңку 20 жылда революция жолу менен төрт президент алмашты. Анткени, калкыбыз демократия үчүн күрөштү. Бул жагынан Кыргызстанга окшошуп кетебиз.
— Филиппиндеги депутаттык жыйындар боюнча сурабай кое албайм. Маселен, бизде эл өкүлдөрү мыйзам долбооруна добуш берүүдө ишке келбегендеринин ордуна деле "макул" же "каршы" баскычтарын басып кое беришет. Сиздерде мындайга жол берилеби?
— Биз андай тутумдан баш тартканбыз. Добушубузду мурдагыдай эле кол көтөрүп берип, макул же каршы экендигибизди билдиребиз.
— Родриго Дутертенин катаал саясатын жактайт экенсиз, маңзат менен күрөшүүдөн кийин өзгөрүүлөр көппү?
Башта бул президентти колдобойт элем, ага добуш да берген эмесмин. Бирок, ишинин жыйынтыгына карап, көз карашымды өзгөрттүм. Президенттин ийгилиги – калк менен болгон тыгыз байланышында. Анын элге берген негизги убадасы – өз өлкөсүн сүйөрү, маңзат сатуучуну да, пайдалануучуну да өлүмгө буюра тургандыгы.
Мамлекет башчылыгына ат салышып жатканында ал мисалы, инфраструктура, жаштар деген өңдүү жалпыланган, түшүнүксүз ураандар менен чыккан эмес. Кыска-нуска гана – маңзат соодасына каршы күрөшөрүнө сөз берген. Иш концепциясы менен карапайым элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Баңгилик өлкө калкын ушунчалык азапка батыргандыктан, радикалдуулугуна карабастан, анын планын кубаттап кабыл алышкан.
— Чындап эле чечкиндүү чечим болгон, жаңылыктар түрмөгү маңзат пайдалангандардын кырылышы, саткандардын өлтүрүлүшү боюнча кабарларга толгон.
Ушундай эле учур Барак Обама менен да болгон, жумшартып айтканда, аны да жолуна салган. Американын мурдагы президенти Филиппиндин башкаруу иштерине аралаша берген. Саясатчы катары Дутерте эң күчтүү инсан эместир, кээде кеби да туура болбойт, бирок, чечкиндүү адам, бул – журт башчысы үчүн өтө маанилүү касиет.
— Парламенттин мүчөсү, дүйнөгө таанымал мушкер Мэнни Пакьяо туурасында айтып берсеңиз. Ал Филиппин конгрессинин мүчөсү болгондон тарта сиз менен кесиптеш болуп калды да. Мушкерлер боюнча тамашаларды көп уксаңыз керек, анын спорттук карьерасы акыл ишмердигине терс таасирин тийгизген жокпу?
— Мэнни Пакьяо эл өкүлдөр кеңешинде. Филиппин парламенти эки: төмөнкү жана жогорку жыйындан турат. Мэнни экинчисинде иш алып барат.
Аны улуу инсан деп ынанымдуу айта алам. Ал филиппиндик жакыр үй-бүлөдөн чыккан, бардык наам, сыйлыктарына өз күчү менен жеткен. Парламенттеги ишине мушкердик турмушу эч кандай таасир эткен жок.
Мэнни дүйнөдө сыйлуу адам болгондугуна карабастан, ал жылдыз дартына чалдыкпады. Абдан карапайым, таанышууну каалагандардын баары менен ачык баарлашат.
Анан да ичи кенен, айкөл киши, анын беттештерин көргүсү келген мекендештерине чет жерге учуштарын төлөп, шоуларга билет сатып берет. Алар арзан турбайт эмеспи, жол кире эле 750 доллардан өйдө, беттештерге кириш билети миң доллардан жогору бааланат. Мэнни чыккандан кийин биздин өлкөдө бокс спорттун эл кызыккан түрүнө айланды. Пакьяо өскөн айылда жергиликтүү эл апта сайын акча коюп, бокс боюнча өз ара мелдеш уюштуруп турушат экен.
—Айтмакчы, акча туурасында… Пакьяо Флойд Мэйвезоор менен Конор Макрегордун беттешүүсүнө кандай карайт болду экен? Бул үчүн Мэйвезер миллиардга чукул доллар алат деп жатышат…
— Мен аны (Пакьяо — ред.) менен сүйлөшкөндө, сиз айтып жаткан беттешүүгө кызыкпагандыгын, анткен менен классикалык беттеште Макгрегордун жеңиши күмөн экендигин айтты. Мэйвезер ирландыкты жеңип алат деген оюн билдирди. Бул болгону шоу. Сиз белгилегендей, акча үчүн жасалып жаткан оюн.
— Сиз Филиппинге кайтып барганда кесиптешиңиз Мэнни Пакьяого Кыргызстан тууралуу айтып бересизби?
— Албетте! Тилекке каршы, биздин Кыргызстан жөнүндө эч маалыматыбыз жок экен, бирок, жакшынакай бир өлкө бар экенин айтып берем. И, анан да алыскы өлкөдө анын сизге окшогон фанаттары бар экенин да айтам.
— Борбор Азия аймагындагы көйгөйлөргө токтолсок, Дутертенин башкаруусунун мисалында кандай кеңештерди бере аласыз?
— Адегенде негизги көйгөйдү аныктап алуу зарыл. Андан соң, аны чечүүнүн жолдорун издөө керек.
— Жакында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Калктын көңүлүн алуу боюнча талапкерлерге бир нече кеңеш берсеңиз.
— Саясатчыларга бир нерсе деп сунуштоом кыйын, себеби, Кыргызстан калкын терең биле бербейм, бул маселе боюнча серепчи да эмесмин. Бирок, орток моралдык баалуулуктар бар: бийликке мансап же каржылык кызыкчылыктар үчүн келбестен, ак жүрөк, ак ниет болууга тийишсиң.