Адатта чет өлкөлүктөр менен маектешсең Кыргызстанды мактап-жактап жатып калышат, кээде жагалдангандай да сезилип кетет. Келечекте дарыгер болом деп Бишкекке окуганы келген Михири Мадхушанки болгонун болгондой айтып берди.
— Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз эле?
Кыргызстан менен Доминика Республикасында окууга мүмкүнчүлүк бар эле, кайсы ммалекетти тандаарымды билбей көпкө кыйналдым. Акыры ата-энем калктын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кыргызстанга баруумду каалашты.
Анын үстүнө апам Кыргызстан тарыхы бай өлкө экенин билчү. Өзүм жалгыз эмес, үч досум болуп төртөөбүз келдик.
— Алгач кандай сезимде болдуңуз?
— Жерге конгондо эле учактан жакшы маанай менен түштүм. Аэропорттон да аябай жылуу кабыл алышты.
Бак-дарактардын көбү абдан жакты! Шри-Ланкада асман тиреген курулуштар көп, бош жер жок. Силерде кадам сайын сейил бак, парк экен!
— Же кыргызча, же орусча билбесеңиз, корккон жоксузбу?
— Бир аз кооптондум. Бирок түрк тилин билчүмүн, бир аз кыргызчага окшош экен. Азыр кошуналарымдын жардамы менен кичинеден өздөштүрүп келе жатам. Шумдук сүйлөп калдым дебейм, бирок дүкөнгө барып келе алам.
Орус тили бир аз татаалыраак экен. Бактыга жараша, мен окуган университетте көпчүлүк англис тилинде сүйлөйт.
— Адатта кыргызстандыктар чет жактан келгендерди кызыгуу менен карайт. Сиз байкай алдыңызбы?
Элиңер аябай алпейим экен, бирок кээде ооз ачырган окуяларга да туш болуп калам. Бир жолу Шри-Ланка, Түркия, Сомали, Казакстандан келген студенттер менен чогуу автобуста баратканбыз. Сомалилик балдар өз ара сүйлөшүп жатышты эле, бир маалда маңдайда отурган эки киши "эй, оозуңарды жапкылачы!" деди. Түрк балдар берки студенттерге болушуп, кишилерден сылык болуусун өтүнүштү. Тигилер унчукпай калышты.
Дагы бир ирет, анда да автобуста кетип баратканбыз, курбум экөөбүз эч кимге тийишпей эле сүйлөшүп баратсак, бир аял: "ай, оозуңарды жапкылачы, чарылдагыңардан башым ооруп кетти!" деди. Макул деп, унчукпай калдык.
Албетте, булар аркылуу элге баа берүүгө болбойт. Тескерисинче, көп адамдар кичи пейил, боорукер, жардамга кол сунууга даяр болот экен.
— Шри-Ланка менен Кыргызстандын ортосундагы эң башкы айырма эмнеде экен?
— Тамак-ашта! Азыктарда чоң айырма бар экен. Бизде тамактын дээрлик баары ачуу болуп, жашылча-жемиш көп пайдаланылат. Кыргызстанда картошка, сабиз менен капуста гана желет экен.
Негизи мен бул жакка келгичекти эт жечү эмесмин, силерде эти жок жасалган тамак табуу мүмкүн эмес экен. Тамактарды дагы абдан даамдуу жасайт экенсиңер. Тез эле көнүп кеттим.
— Кыргызстандын эмнеси аябай жакты?
— Жаратылышы! Тоо-ташта бирөөнүн ээлигине кирип кетем деп коркпой-үркпөй каалаганыңча жүрө бере алат экенсиң. Бак-дарактарды, учуп бараткан канаттууларды карап отурган кандай сонун!
— Жигиттерчи?
— Чынында бул суроого кандай жооп береримди билбейм. Анткени ата-энем аябай катуу болчу. Эч качан жалгыз калып көргөн эмесмин. Дүкөнгө да агам же апам менен барчумун.
Кыргызстанда жигиттер биздикилерге караганда кичипейилдей сезилет. Кыздарга кам көрүп турушат экен. Бул, албетте, жагымдуу нерсе.
— Каякта жашоо кымбат? Шри-Ланкадабы же Кыргызстандабы?
Кийим-кечени бизден алган жакшы экен. Бишкектин дүкөндөрүндө кийимдин баары окшоштой сезиле берет. Коломбодо дүкөн аябай көп, мындан улам кийим-кеченин да ар кандай түрүн табууга болот.
Бирок бут кийим Кыргызстанда эки эсе арзан экен. Эгер бул жерден 5 миңге жакшы бут кийим алсаң, Шри-Ланкада 10 миңге сатып аласың.
— Бишкектеги кайсы окуя эсиңизде калды?
— Студенттердин арасында өткөн таланттар сынагына ырдап катышып, биринчи орун албадымбы! Ушундай бир эргидим дейсиз…
— Аба ырайычы?
— Мен үчүн абдан эле суук экен. Коломбо бул жактан бир топ жылуу болсо да көп ооручумун. Алгачкы жылы аябай кыйналдым. Кыргызстанда аба ырайы күнүгө өзгөрүп турат экен. Азыр көнүп калдым.
— Окууну аяктагандан кийин эмне кыласыз?
— Азырынча айта албайм, анткени алты жылдан кийин гана диплом алам да. Бирок сөзсүз түрдө мамлекеттик ооруканада иштейм деп турам. Ал жакка көбүнесе жакыр адамдар кайрылат эмеспи, муктаждарга жардам берүүнү алдыма максат кылып койгом.