БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кытайдын Хунань провинциясынын түштүк-чыгыш тарабында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, каза болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын саны 83кө жетти. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, 28 адам жер көчкү астында калса, 13үн топон суу алып кеткен, 22си имараттар кулаганда каза таап, төртөө сууга чөгүп, дагы 16сы ар кандай себептер менен дайынсыз жоголгон.
22-июндан баштап жааган жамгырдан 12 миллион жашоочу зыян тартканы айтылат. Синьхуа агенттигинин билдирүүсүнө караганда 1,6 миллион адам эвакуацияланып, 470 миң жаран жардамга муктаж. Табигый кырсык 53 миң турак жайды кыйратып, дагы бир тобуна зыян келтирген.
Куткаруу иштерине 52 миңден ашуун аскерр жана полиция кызматкерлери катышууда.