БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы борбордук мечитте республикалык Куран жарыштын тандоо туру башталды. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Учурда облус аймактарында өткөн Куран жарышынын жеңүүчүлөрү Куран окуудагы чеберчилиги, тажвид эрежелери боюнча калыстардын сынынан өтүүдө.
Республикалык Куран жарышынын салтанаттуу ачылышына муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов, Медина шаарынан келген доктор Ахмад Адыл Рифъи катышып, тандалган талапкерлерге ийгилик каалашты.
Катышуучулар 30 пара, 20 пара жана 10 пара жатка айтуу боюнча күч сынашууда.