Чилилик дарыгерлер оор операциянын учурунда футбол көрүшкөн

Жазылуу
Чилилик дарыгерлерди операция маалында футбол көргөндүгү үчүн айыпташты. Медиктер операция залында футбол көрүп жаткан видео Youtube порталына чыкты.

Футбол. Кубок конфедераций-2017. Матч Германия - Мексика - Sputnik Кыргызстан
Конфедерация кубогу: финалда Германия менен Чили командалары беттешет
Видеодо көрүнүп тургандай операция жасап жаткан дарыгерлер дубалда тагылып турган телевозордон Чили — Португалия командаларынын мелдешин көрүп жатышкан. Аягында хирургдар өз командасынын жеңишине кубанышат.

Чилинин футбол боюнча курама командасы португалиялык атаандаштары менен Казань шаарында жолугушуп, 3:0 эсебинде утуп алган.

Чилинин ЖКМларында жазылгандай, медиктердин окуясы боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле футбол учурунда оперциялык столдо жаткан оорулууга ийгиликтүү операция жасалып, учурда абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0