БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. №19 түзөтүү колониясында эркинен ажыратылгандар ачкачылык жарыялаганы тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан бул абакта өмүр бою эркинен ажырагандар жаза өтөйт.
Ачкачылык акциясы 27-июнь күнү кечинде башталып, Жаза аткаруу кызматына 13 адамдан арыз түшкөн.
Мааламатка караганда, абактагылар колониянын кызматкерлеринин мамилесине нааразы болууда.