БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Москвада кыргызстандык аял зордукталып, кылмышка анын мекендеши шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
ИИМдин берген маалыматына караганда, 18-июнда чала тааныш Мелис аттуу киши аялды ооз ачарга чакырып, ал жерден өзүнүн эки досу менен тааныштырган.
"Сейил бактан балдардын бири күч колдонуп келинди зордуктаган. Калган экөө окуяны видеого тартып, эгер арыз жаза турган болсо видеону социалдык тармакка чыгарабыз деп коркутушкан", — деп милициядан билдиришти.
Ишеним баарлашуусу учурунда жабырлануучу арыз жазууга макул болгон. Натыйжада 24-июнда "зордуктоо" жана "күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 33 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган. Учурда калган эки шектүү изделип жатат.