БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Жинди-Сууга атчан өтүп бара жаткан киши агып кеткендиги тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Суудан өтүп баратып агып кеткен адам Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылды.