БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кочкордо жол кырсыгына кабылган айдоочу каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдирди.
Ага ылайык, кырсык 10-июнь күнү болгон.
"Алдын ала маалыматтар боюнча BMW 5030 унаасынын 55 жаштагы айдоочусу унаасын жогорку ылдамдык менен айдап бара жатып, бурулушка келгенде рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен", — деп жазылат маалыматта.
Айдоочу алган жараатынан улам көз жуумп, жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан.
Аталган факт боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары башталды.