БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Япониялыктар модель кызга акча чогултуп, турмушка чыгуусуна жардам беришкенин Sputnik Япония маалымат агенттиги билдирди.
Канагавада жашаган Томоко Такебе өзүнүн теңин табуу үчүн краудфандинг ыкмасын тандап алган.
Ал дос кыздарынын кеңеши боюнча 11 жигит менен таанышуу үчүн учурда аябай белгилүү болгон краудфандинг платформасы аркылуу акча чогултууну чечкен. Ага акча берген колдонуучулар кыздын жигиттер менен болгон жолугушуусуна көз салып, керек болсо суроо бергенге да мүмкүнчүлүк алышкан.
Томоконун мындай аракети Япониядагы интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, чогулган акча болжонгондон эки эсе көп чогулган. Эң башкы ийгилик — Томоко өз сүйүүсүн тапкан.
"Башында жасай турчу иштерим тууралуу ата-энеме айтсам алар мени жакшы түшүнүшкөн жок. Бирок мен бул аракетимден майнап чыгарына ишенип, өз түгөйүмдү табарымды сезгем. Болочок жарым менин аракетчилдигиме аябай таң калып, жолугушууга келгенин айтты", — деди ал.
Артып калган акчаны Томоко ага жардам берген жоро-жолдошторуна бөлүп берген.