БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык террористик уюмдун мүчөсү деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Шектүү колго жасалган жардыруучу каражат даярдап, эл көп жерде өзүн-өзү жардырууну көздөп, эл аралык террористик уюмунун башчысынын буйругун күтүп жатканы аныкталган.
Аталган окуя боюнча УКМКнын тергөө органдары Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык келишпестикти козутуу), 28-226 (Терроризм жасоого аракет кылуу, кылмыш жасоого аракет кылуу) жана 241-беренелери (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү комитеттин тергөө жайына камалды.