БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Улуттук онкология борборун толугу менен модернизациялап, керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу тапшырмасын президент Алмазбек Атамбаев тишелүү органдарга бергендиги тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган оорукананын имараты 50 жыл мурда курулгандыктан, аны реконструкциялоо жана капиталдык ремонт кылуу муктаждыгы жаралган.
"Оңдоо иштери учурунда оорукананын имараты заманбап көрүнүшкө келтирилет, ошондой эле борбордун аймагы жашылдандырылат. Онкология ооруларын эрте аныктоо үчүн мыкты диагностикалык жабдуулардын комплекси жана нур терапиясы үчүн заманбап аппараттарды сатыл алуу пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, каржылоо маселелерин кечиктирбей чечүү, 2017-жылдын 1-октябрына чейин борборду керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу талаптары коюлду.
Оңдоо иштери болуп жатканда оорулуулардын дарылануусу жана медициналык персоналдын иши үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектиги айтылды.