00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россияда айдоочулук күбөлүк алуу машакаты, жумушсуз калган мигранттар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы жол кайгуул кызматкери. Архив
Москва шаарындагы жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көбүнесе айдоочулук менен жан баккан мигранттар учурда Россияда жумушсуз калды. Бул жаатта эмгектенген кыргызстандыктардын абалына Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков баам салып көрдү.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Россияда 1-июндан тарта чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен иштеген айдоочуларга транспорт башкарууга тыюу салынды. Мындан улам ал жакта такси, маршрутка, автобус айдап иштеген бир нече чет өлкөлүк жарандар жумушсуз калды. Алардын катарында кыргызстандыктар да бар.

Тверскую улицу открыли после благоустройства - Sputnik Кыргызстан
Россиянын төрт шаарына кирүү татаалдады. КР жарандары үчүн "түз байланыш" иштөөдө
Россияда иштеген айдоочулардын айтымында, коомдук транспортту тейлегендердин 50-60 пайызы чет өлкөлүктөр. Өз унаасы менен такси кызматында иштегендер айына 80-90 миң, ижарага алгандар 60 миң рублга чейин кирише тапса, маршрутка айдагандар 30 миң рублдин тегерегинде маяна алышчу.

Москвада беш жылдан бери такси кызматында иштеген Курманбек Маматиллаев 1-июндан тарта жумушсуз калып, же күбөлүгүн алмаштырууну, же башка жумушка орношууну билбей турган чагы.

"Чет өлкөлүктөрдүн иштебей калышынан улам шаарда таксилер жетишсиз болуп жатканы байкалат. Мен унааны ижарага алып иштетчүмүн. Эми алар да чочулап унааларын кайра алып жатышат. Анткени ижара берген тарапка 50, алган адамга 15 миң рубль айып салынарын айтышууда. Бүгүн айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн 40ка жакын адам экзаменге кирип бири да өтпөй калыптыр. Алмаштыруу да оңойго турбайт окшойт. Ушул маселени биздин бийлик тезирээк чечип берсе жакшы болмок", — деди Маматиллаев.

Анткен менен ушул эле шаарда такси кызматтарынын биринде эмгектенген Канат Жолдошев учурда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен кадимкидей эле иштеп жатканын билдирди.

Вена шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Венада жашаган Айсулуу: тойдо устукан тартсак австриялыктар таң калды
"Өзүмдүн жеке менчик унаам бар. Бул тармакта эки жылдан бери иштейм. Компания жетекчилиги мыйзам күчүнө кире электиги туурасында билдирүүлөрдү жөнөтүүдө. Ошол эле учурда толук жоопкерчиликти алуудан да кооптонуп жаткандай. Бирок 1-июндан кийин деле мени жол инспекторлору токтотуп, документтерди текшерип эле коё берип жатат. Жаңы мыйзам боюнча ооз ачкан жок. Мыйзам күчүнө кирип калса эки-үч ай убакыт кетирбей эле күбөлүк сатып алуу жолдорун издеп жатабыз", — деди айдоочу.

Жумушсуз калгандардын катарын толуктаган Абдырахман Эрматов Москвада бир жылдан бери маршрутка айдап иштечү. Ал Россиянын айдоочулук күбөлүгүн алууга 50 миң рублдин айланасындагы акча кетерин айтты.

"Бизде иштегендердин жарымынан көбү чет өлкөлүктөр болчу. Мурда каттамда 15 маршрутка болсо, азыр 10го жетпеген айдоочу иштеп жатыптыр. Мунун айынан маршруткалардын аралыктары узарган. Эми жаңы күбөлүк алуу үчүн документ тапшырып, бир күндүк окуудан өтүп келдик. 8-июнь күнү барып Жол кайгуул кызматына шаарда жүрүү боюнча экзамен тапшырабыз. Жалпы чыгымдарды кошкондо 50 миң рублдей акча кетет экен", — деди айдоочу.

Ошол эле Москвада иштеген айдоочу Таалай Капаров күбөлүгүн алмаштырууга камынып жүргөнүн айтты.

"Россиянын айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн медициналык маалым кат, айдоочулук күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүргөн котормосу жана жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн өзүңдүн айдоочулук күбөлүгүң керектелет экен. Ушул документтерди чогултуп райондор аралык экзаменге каттоо бөлүмүнө арыз жаздым. Карап чыгып бир жумадан кийин экзаменге чакырарын айтышты", — деди Капаров.

Прибытие поезда Ташкент-Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...
Ал билдиргендей, экзамен шаар ичинде жана аянтта айдоо чеберчилиги, ошондой эле айдоочулуктун теориясы боюнча алынат. Кайсы бир этабынан өтпөй калган адамдын экинчи ирет сынактан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир экзаменге кирүүнүн баасы 1000 рубль. Баары бүткөндөн кийин 2000 рубль пошлина төлөп күбөлүктү алса болот. Ошондой эле жашаган жеринде катталган документтери түп нускада болушу керек.

Экономика боюнча эксперт Жумакадыр Акенеев Россия бул мыйзамды кабыл алуу менен эл ташыган транспорттордогу жол кырсыктарын алдын алууга болот деген ойдо.

"Кээ бир учурда унаага кошуп айдоочулук күбөлүктү да сатып алгандар болуп жатпайбы. Россия жаңы тартипке өтүү менен элдин коопсуздугуна кам көрүп жатат. Бул ЕАЭБ стандарттарына дагы каршы келбейт. Бирок мамлекет башчылар Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеңилдик берүү же акысыз алмаштыруу боюнча маселе көтөрсө болот", — деди Акенеев.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул боюнча Россия тараптан расмий билдирүү келе электигин айтып, учурда Кыргызстандан атайын келген делегаттар ЕАЭБ стандарттарына ылайык кыргызстандыктарга жеңилдик берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0