БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабындагы аймакта газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Көгүлтүр от берүү 7-8-июнь аралыгында Гагарин, 7-линия, Циолковский жана Бакаев көчөлөрүндө токтотулат.
Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштеринен улам болууда.