Медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү ишке эми жеңил орношо алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОбучение студентов в Омской медицинской академии
Обучение студентов в Омской медицинской академии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги медициналык борборлордун лицензиясынын бар-жогун текшерет. Андан сырткары, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу шарттарын жеңилдетет.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Медициналык жеке борборлордун адистери үчүн саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик органдардагыдай иштөө үчүн беш жылдык эмгек тажрыйбасы болушу шарт деген талап алып салынды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Бул туурасында жакында эле тиешелүү токтом чыккандыгын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бурул Арзыкулова кабарлаган.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада жашаган жаш дарыгер: ишиңди сүйсөң, реанимацияда деле жашайт экенсиң
Медициналык жогорку жана орто окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү эми медициналык жеке клиникаларга жеңил орношо алат. Бул жаш адистердин жаңы иш орун табуусуна шарт түзүп, тажрыйбалуу адистердин сыртка агылып кетишине аралжы болот.

Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөткөн ири жана чакан клиникалар Медициалык аккердитациялык комиссиядан өтүүгө даярданып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги лицензиясыз жана деңгээли начар кызмат көрсөткөн жеке клиникалардын арбып жаткандыгын белгилейт. Анын кесепетинен адам өмүрү кыйылып жана майыптыкка кабылып жаткан учурлар кездешүүдө. Министрлик бул багытта лицензия боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп турууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0