БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Июнда көгүлтүр оттун баасы апрель айына салыштырмалуу 9-10 тыйынга арзандаганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул айда калк үчүн газдын бир куб метри 14,28 сом болсо, өнөр жай, коммерциялык ишкана жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,52 сомго бааланууда.
Демек, эл үчүн көгүлтүр от 9, ал эми ишканалар үчүн 10 тыйынга арзандады.
Талапка ылайык, көгүлтүр оттун наркы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын башында аныкталган доллардын курсуна жараша белгиленет.
1-июнга карата доллардын баасы 68,06 сомдун чегинде бекитилген.