00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:55
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытында 63 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Алардын катарында соода-логистикалык борборлор, дан, мөмө-жемиш жана жашылча, ошондой эле сүт, эт, балык жана башка айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар бар. Натыйжада 2 707 жумуш орду түзүлүп, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болду. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында тамак-аш өнөр жайынын үлүшү өлкөнүн жалпы өнөр жай көлөмүндө 17,4 пайызды түздү. Ушул эле мезгилде агроөнөр жай комплексинде 94,2 млрд сомдук азык-түлүк өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 127,8 пайызга жетти. 2030-жылга чейинки өнүгүү программасына ылайык, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 385 ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Ал эми 2026-жылы 75 ишкананы пайдаланууга берүү каралып, инвестиция көлөмү 9,1 млрд сомду түзөт.
Соцтармакта балдарды мазактагандардын видеосу тарап, милиция шектүүлөрдү суракка чакырды Видео Аламүдүн айылында тартылган болушу мүмкүн. Кадрлардан жаш балдарды сабап, “жоокерлердей” бастырып, короону кайтартып, жумуш жасатып, ал эми бирөөсүнүн бетине жыртык-тешик бүтөгөн көбүктү чачып салышканын көрүүгө болот. Тиешелүү экспертизалар дайындалды, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлмөкчү. Окуя Свердлов РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.
2025-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча Түркияда жылдык инфляция 2021-жылдын аягынан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди. Түркиянын Статистика институтунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын декабрында керектөө бааларынын жылдык инфляциясы 30,89 пайызды түзүп, акыркы 49 айдагы эң төмөн көрсөткүч катары катталды. Мындай деңгээл акыркы жолу 2021-жылдын ноябрында, инфляция 21,31 пайыз болгондо байкалган. Айлык эсеп менен керектөө бааларынын индекси 0,89 пайызга, ал эми ички рыноктогу өндүрүүчүлөрдүн баа индекси 0,75 пайызга өскөн. Өндүрүүчүлөрдүн бааларынын жылдык өсүшү 27,67 пайызды түздү. 12 айлык орточо көрсөткүч боюнча керектөө инфляциясы 34,88 пайызга, өндүрүүчүлөрдүн инфляциясы 25,36 пайызга жеткен. Дал ушул көрсөткүч ижара акысынын максималдуу индексациясын аныктоодо колдонулат.
Нью-Йорктогу сотто Венесуэланын мурдагы президенти Николас Мадуро боюнча биринчи жыйын өткөрүлдү. Сот 17-мартта дагы угуу өтүшүн талап кылды. Мадуро жана аялы Силия Флорес өзүн күнөөсүз деп билдирди. Адвокаттар кийин камактан чыгарууну сурашарын билдиришти. Мадуро Вашингтондун адвокаты Барри Поллак менен келишим түздү. Ал мурда Уик Лайкс негиздөөчүсү Джулиан Ассанжды бошотууга көмөк көрсөткөн. Поллактын эсебинде Enronдун мурдагы бухгалтерине жана 17 жылга камалган Лонг-Айленд тургуну Мартин Танклеффке актоо жыйынтыктары бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0