Депутаттар туурасындагы көндүм пикирим бул ирет өзгөрө түштү. Жаныбекти маекке көндүрүү үчүн мактап убара тартпадым. Экинчиден, биздин команданын да, өзүнүн да убактысын коротпош үчүн белгиленген маалдан беш мүнөткө эрте келгени аябай жакты.
— Америкадагы жашооңузду Кыргызстанга алмаштырганыңыздын себебин сурайлы. Канчалык көп берилсе деле, орунттуу собол эмеспи. Америкада бир нече жыл жашап, Бишкекке кайтыпсыз, эмнеге?
Ошол маалда АКШда президенттик шайлоо аяктап, Барак Обама утуп чыккан. Ал лидер болгон 2008-жылдын ошол түнү "гетто" деп аталган афроамерикалыктар байырлаган аймакта элем. Алар жаңы президенттин жеңишин жеке жетишкендиги сымал майрамдашкан.
Албетте, Америка мүмкүнчүлүктөрү жогору ири өлкө. Ал жакта калып, ийгиликтүү иштеп кете алмакмын. Бирок баары бир жеке мен үчүн өз үйүмдө болгонум дурус болду. Кыргызстанга жыл жаңы жаңырганда кайттым. Кайра кеткен жокмун, үйлөндүм. Мекенчилмин деп төш какпайм, бирок өзүмдү Кыргызстанда жакшы сезем, өлкөмдүн орду бөлөк.
Жаңы кайтканымда абдан көңүлүм чөгүп жүрдү. Америкада кичине шаарчалар да абдан тыкан, кооз көрүнөт. Ал эми бизде борбор калаабыздын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу азырынча көйгөйлүү маселе бойдон калып келет.
— Кыргызстандан жана АКШдан алган билимиңизди салыштырып, кандай бүтүм чыгарууга болот?
— Ал жактагы билим берүү тутумунун жаккан жагы – окутуучулар менен студенттин баарлашуусу эркин, эч чек жок. Жанына барып, бардык кызыктырган суроолоруңа жооп ала аласың. Баа алганың да башты оорутпайт. Эмне өздөштүргүң келсе, аны өз алдыңча тандайсың.
Бирок окуу акысы да ар кандай. Бизде билим алуу арзан. Бирок кымбаттыгына карабастан, Америкадагы биздин балдардын сексен пайызы билим алууга умтулат. Алар окуу менен ишти айкалыштыра бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат.
Студенттерге билим алуу үчүн насыя берилет, аяктаган соң аны жаап кутулууга тийиш.
Ал эми биздин билим берүү системасынын натыйжасыздыгын тилдеп, айыптап же аны өзгөртүүгө аракет көрсөк да болот.
— Мекенге кайтканыңызда эмне менен алектендиңиз?
— Жеке ишкерлик менен алектендим. Эки жыл аралыгында өзүмдү сынап көрдүм, бирок ал иштен тажрыйба да, пайда да тапкан жокмун.
Кийин багытты өзгөртүп, көмүр ташуучу транспорттук ишкана түптөдүм. Азыр ушул фирма – негизги киреше булагым.
— Шаардык кеңештин депутатысыз. Бишкек шаардык кеңешке мүчө болуу үчүн эмне кылуу зарыл?
— Мисал менен айтып берейин. Адегенде бир партияга мүчө болдум. Андан соң талапкерлигимди Бишкек шаардык кеңештин потенциалдуу депутаттыгына көрсөтүштү. Шайлоо өттү, баары ошентип чечилди. Мага эки жарым миңден ашуун адам добуш берген.
Менин сөздөрүм, балким, көбүртүп-жабыртылып жаткандай угулар, бирок бала кезимен бери ушул иш менен алектенгим келген. Өз шаарыңды өзгөртүүгө, жакшыртууга кандайдыр бир таасир эте алганыңдан артык эмне бар.
Бишкекке пайдалуу болуу, анын өнүгүшүнө таасир этүү – балалык кыялым. Катардагы тургун болсоң, шаардын өзгөрүшүнө катыша албайт эмессиңби. Депутаттыкка чейин деле балдар үйүнө жардам берип, ар кандай акцияларды өткөрүп келгем, бирок андай аракеттеримден майнап чыккан жок. Мага ишенбей, алардын үстүнөн пайда тапчудай карагандарга да кабылдым.
— Маянаңыз кандай?
— Биз айлык албай иштейбиз. Иш бөлмөбүз да, катчыбыз да, маянабыз да жок.
— Ыктыярчы өңдүүбү?
— Ооба (күлүп), эч кандай ыйгарымы болбойт. Тескерисинче, өзүм "Абиров" деп фонд түптөдүм. Кайрымдуулук долбоорду фамилиямдан атап алганым орунсуз сезилер, бирок ушундай болгону оң деп чечтим. Азырынча фондду көмүр ташуучу өз ишканам каржылайт.
Бул долбоорго салган каражатым түгөнгүс эмес, качандыр бир кезде түгөнөт. Ошондуктан долбоорду өнүктүрүү үчүн өнөктөштөрдү издөөнү пландоодомун.
— Эмне кылууну көздөп жатасыз?
— Өсүп келаткан муунга, тагыраагы, 8-11-класстардын окуучулары үчүн белгилүү бир тармактарда билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөм.
Жогорку класстын окуучуларына багытталган "Топ жаруу" деген социалдык долбоор иштеп чыктык. Бул курчтук жана бир нерсени үйрөнүүгө, аткарууга болгон дилгирлик оту өчө элек кез эмеспи.
Балдардын мынчалык кызыгарын күткөн эмес элем. Мектептерди кыдырып, жетекчилерине ишканабыз тууралуу айтканыбызда кайдыгер карашкан болчу. Бирок демилгебиз окуучулардын кызыгуусун жаратты. Бир нече күндө эле 600 тапшырык түштү.
— Долбоордун катышуучулары кандай жол менен тандалды?
— Анкетада атайын жеке саптар бар эле, аларга берилген жооптон эле окуучу канчалык деңгээлде кызыкканы аныкталмак. Аракетибиздеги эң машакаттуу учур ушул болду окшойт.
Жүз окуучуну тандап алдык. Балдарды төрт топко бөлүп, сабак өтүлө баштайт.
— Окутуунун кийинки айлампасына кандайча катышууга болот?
— Жөпжөнөкөй, бардык социалдык тармактарда баракчаларыбыз бар. Катышууну каалаган окуучу тапшырыкты толтуруп, анын каралышын гана күтөт.